2026-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында жалпы 7 млрд 606,1 млн сом көлөмүндө жеңилдетилген насыялар берилди. Аталган программа Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан «Элдик Банк» ААКсы менен биргеликте ишке ашырылууда.
Жеңилдетилген каржылоо айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кайра иштетүү тармагын, чакан жана орто ишкердикти колдоого, өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.
Жалпысынан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында 5 690 насыя берилип, алардын жалпы көлөмү 7 млрд 606,1 млн сомду түздү.
Министрликтин маалыматы боюнча, январдан-июнга чейин төмөнкү программалар боюнча каржылоо жүргүзүлдү:
- «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө (АКК)» – 937 насыя, жалпы суммасы 1 млрд 885,9 млн сом;
- «Айыл чарбасын каржылоо – 14» – 4 363 насыя, жалпы 2 млрд 629,3 млн сом;
- «Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» – 125 насыя, жалпы 549,7 млн сом;
- «Мөмө-жемиш питомник чарбасын өнүктүрүү» – 1 насыя, 300 миң сом;
- «Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин каржылоо» – 259 насыя, жалпы 2 млрд 504,9 млн сом;
- «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» – 5 кредит, жалпы 36 млн сом.
Бул көрсөткүчтөр мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын натыйжалуулугун жана алардын айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын, ошондой эле чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун дагы бир жолу тастыктап турат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.