«Унаа» продуктысы 2025-жылдын август айында ишке киргизилип, кыска убакыттын ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү.
2025-жылы бул продуктунун алкагында 57,1 млн сом суммасында 154 кепилдик берилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы дагы 7,3 млн сомго 22 кепилдик берилди. Жалпысынан «Унаа» кеилдиги ишке киргизилгенден бери 64,5 млн сом суммасында 176 кепилдик берилди.
Белгилей кетүүчү нерсе, продукт жакында гана ишке киргизилгенине карабастан, жарандар тарабынан кыска убакытта ушунча сандагы автоунаалар сатылып алынган. Бул инструменттин жогорку суроо-талапка ээ экенин жана калк үчүн практикалык мааниге ээ экенин көрсөтөт.
«Унаа» кепилдиги банктар аркылуу автокредит алууда баштапкы төлөмсүз ата мекендик автоунааларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Мында «Кепилдик фонд» ААКсынын катышуу үлүшү каржылоонун суммасынын 30%ына чейин түзүп, күрөө жетишсиз болгон учурда да кредит алууну жеңилдетет.
«Кепилдик фонд» ААКсы жарандарды колдоого жана каржылоого жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган кепилдик инструменттерин өнүктүрүүнү улантат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.