Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинети Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом менен зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2% өлчөмүндөгү арзандатуу менен жүргүзүлөрү белгиленди.
Документ баалуу металлдар жана баалуу таштар менен операцияларды жөнгө салган төмөнкү мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган:
- «Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө» мыйзамы;
- президенттин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо чаралары жөнүндө» жарлыгы.
«Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операция жүргүзгөн сатып алуу пункттары жана күрөөканалар зергер буюмдарын жана башка буюмдарды, ошондой эле баалуу металлдар менен асыл таштардын сыныктарын алардан жасалган даяр буюмдарды кошпогондо, баалуу металлдар жана баалуу таштардын жүгүртүлүшү жана эсебин жүргүзүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатууга укуктуу», - деп жазылат маалыматта.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.