Экономика жана коммерция министрлиги аудит тармагындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Документте бир катар өзгөртүүлөрдү камтыйт:
- криптовалюталык биржалар, криптовалюта алмаштыруучулар жана лизинг компаниялары жыл сайын аудиттен өтүүгө тийиш болгон уюмдардын тизмесине киргизилет;
- виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрү коомдук кызыкчылык субъектилери катары классификацияланат жана финансылык отчеттуулукту жарыялоого милдеттүү болот;
- аудиторлор үчүн «кынтыксыз ишкердик репутация» талабы киргизилет;
- отчетторду жана аудитордук корутундуларды жарыялоо үчүн Финансылык отчеттуулуктун бирдиктүү мамлекеттик депозитарийи түзүлөт;
- аудиторлор системалык бузуулар үчүн сертификатынан кол жуушу мүмкүн;
- жаңы системада квалификациялык экзамендерди тапшыруу, билим берүү программаларын аккредитациялоо жана финансылык отчеттуулукту жарыялоо үчүн төлөм киргизилет.
Экономика министрлиги өзгөртүүлөр Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга, бизнестин ачык-айкундуулугун жогорулатууга жана каржы рыногуна көзөмөлдү күчөтүүгө багытталганын белгилейт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.