Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Руслан Сүйналиев билдирди.
Анын айтымында, чыгымдардын көбөйүшү мурда тартылган тышкы жана ички карыздар боюнча төлөмдөрдүн графигине байланыштуу.
2028-жылы тышкы карызды тейлөөгө жана төлөөгө 52,5 млрд сом, ал эми ички карызга 97,3 млрд сом бөлүү пландалууда.
2027-жылы мамлекеттик карыздын негизги суммасын төлөөгө болжол менен 80,3 млрд сом багытталат. Дагы 54,9 млрд сом пайыздарды төлөөгө каралган.
2029-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгымдар 144,5 млрд сомду түзөт.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын тышкы жана ички карызды камтыган мамлекеттик карызы 10 млрд 156,71 млн долларды же 888 млрд 204,25 млн сомду түзгөн.
Анын ичинен:
- 51,1%ы тышкы мамлекеттик карызга туура келет - 5 млрд 193,77 млн доллар же 454 млрд 194,86 млн сом;
- 48,9%ы ички мамлекеттик карызды түзөт - 4 млрд 962,94 млн доллар же 434 млрд 9,39 млн сом.
Буга чейин президент өлкөнүн мамлекеттик карызы ИДПнын 50%нан ашпашы керектигин билдирип, Министрлер кабинетине тиешелүү тапшырма берген.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.