Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул долбоор ата мекендик фармацевтика тармагын мамлекеттик колдоого, өндүрүш кубаттуулуктарын модернизациялоого, эл аралык сапат стандарттарын киргизүүгө жана өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун чыңдоого багытталган. Учурда өлкөнүн дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон ички керектөөсүнүн болжол менен 96%ы импорттун эсебинен камсыздалат.
Ошол эле учурда республикада 30га жакын дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү жана 16 медициналык буюмдарды өндүрүүчү ишкана иш алып барат. Ал эми бүгүнкү күндө өнөр жай өндүрүштүн жалпы көлөмүндө фармацевтика тармагынын үлүшү болжол менен 0,1%ды түзөт.
Долбоордук алкагында өндүрүүчүлөр жеңилдетилген кредиттерди жылдык 3 жана 5%дык үстөк чендери менен, тиешелүүлүгүнө жараша 10 жана 12 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген мезгил менен берилет.
Долбоордун алкагында ишканалар төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген каржылоону ала алышат:
- өндүрүш объекттерин куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- заманбап технологиялык жабдууларды сатып алуу;
- сапатты контролдоо лабораторияларын түзүү;
- адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
- дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана көзөмөлдөө системаларын киргизүү.
Анын ичинде 500 млн сом КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталат, бул каражаттар жеңилдетилген кредиттөө механизмин ишке ашырууга пайдаланылат.
Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөр 2027-жылдын аягына чейин өндүрүш жайларын ЕАЭБдин тиешелүү өндүрүштүк практикасынын (GMP) талаптарына жана ISO 13485 эл аралык стандартына шайкеш келтирүүгө милдеттүү.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ата мекендик фармацевтикалык продукциянын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргызстандын дары-дармек коопсуздугун чыңдоо күтүлүүдө.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.