Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда туркомпаниялар үчүн милдеттүү камсыздандыруу киргизилиши мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлиги туристтик ишмердүүлүк субъекттеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Кыргызстанда туркомпаниялар үчүн милдеттүү камсыздандыруу киргизилиши мүмкүн
Иллюстрациялык сүрөт

Долбоордо туристтик компаниялардын жоопкерчилигин камсыздандыруу механизмин киргизүү каралган. Анда камсыздандыруу төлөмүнүн чеги көрсөтүлүүчү туристтик кызматтын түрүнө жараша айырмаланат.

Сунушталган эрежелерге ылайык, камсыздандыруу жоопкерчилигинин минималдуу чеги төмөнкүдөй болот:

  • 3 миллион сом – салттуу туристтик маршруттар үчүн; 
  • 5 миллион сом – экстремалдык туризм түрлөрү үчүн. 

Долбоорду иштеп чыккандардын маалыматына ылайык, 3 миллион сомдук камсыздандыруу чеги жабыркагандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү, диагностика жүргүзүү, дарылоо жана транспорт менен ташуу чыгымдарын жабууга жетиштүү болот. Ал эми экстремалдык туризм үчүн жогорку чек сунушталууда, анткени мындай учурларда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, эвакуациялоо үчүн авиациялык техниканы колдонуу жана кымбат баалуу адистештирилген дарылоо талап кылынышы мүмкүн.

Экономика министрлиги белгилегендей, жаңы эрежелер туристтерди толук кандуу коргоону камсыздап, ошол эле учурда массалык жана маданий туризм багытында иштеген компанияларга ашыкча финансылык жүк жаратпайт.

Министрлик камсыздандырууну киргизүү зарылдыгын тармактын ыкчам өсүшү менен түшүндүрөт. Маселен, туристтик агенттиктер көрсөткөн кызматтардын жүгүртүүсү 5,92 миллиард сомдон 7,56 миллиард сомго чейин өстү. Туристтик ишмердүүлүк субъекттеринин саны 141,5 миңден 148,1 миңге чейин көбөйсө, тармактын дүң кошумча наркы 57,6 миллиард сомдон 74,3 миллиард сомго жетти.

Өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны да өсүүдө. Эгерде 2023-жылы Кыргызстанга 17,48 миллион чет өлкөлүк жаран келген болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 17,68 миллионго жеткен. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгында келген туристтердин саны рекорддук 20,98 миллионго жетип, мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 19%га көбөйгөн.

Долбоорду иштеп чыккандардын пикиринде, милдеттүү камсыздандырууну киргизүү чет өлкөлүк туристтер катышкан өзгөчө кырдаалдарда күтүлбөгөн чыгымдардын тобокелдигин азайтып, саякаттардын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстандын эл аралык туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Эске салсак, 2026-жылдын I чейрегинде камсыздандыруу компанияларынын кирешеси жана камсыздандыруу төгүмдөрү көбөйгөнү менен компаниялар кирешесин жоготкон

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.