Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин айтымында, анын кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө жазган арызы Жогорку Кеңешке келип түштү. Ал тиешелүү комитеттерди бул маселени белгиленген тартипте кароого чакырды.
Эске салсак, Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп 2024-жылдын июнь айында дайындалган. Анын талапкерлигин 75 эл өкүлү колдогон. Ал учурда Кубанычбек Бөкөнтаев КРнын Улуттук банкындагы төрагалык кызматын башка ишке өткөнүнө байланыштуу тапшырган.
Мелис Тургунбаев КРнын Улуттук банкын жетектеп турганда көптөгөн актуалдуу иш-чараларга катышып, көрүнүктүү билдирүүлөрдү жасаган. 2025-жылдын январында ал Кыргызстанда крипторезерв түзүү идеясына комментарий берген. Жылдын аягында америкалык Bloomberg маалымат агенттиги аны менен болгон маегин жарыялаган.
Ачык булактардын жана ЖМКлардын жазганына караганда, Мелис Тургунбаев 2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин бүтүрүп, 2011-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандидаты даражасын алган. Ал 2023-жылы Лондон бизнес мектебин аяктаган.
Учурда ал экономика илимдеринин доктору, доцент, 30дан ашуун илимий макалалардын автору, анын бул эмгектери бир нече тилге которулуп, бир катар өлкөлөрдө жарыяланган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.