Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, бир жыл ичинде кэшбэк алып берем деген шылтоо менен анын 34 миң 500 сомун алып, изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча («Алдамчылык») беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган О.Н. кармалды. Соттун чечими менен аталган шектүү камакка алынды.
Учурда шектүүнүн үстүнөн 26 адам арыз жазган. Ал эми келтирилген чыгым 20 миллион сомго жетиши мүмкүн.
Жабыркагандардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүндүгү болжолдонууда. Тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.