Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк коммерциялык банктарга шектүү накталай акча чыгарууларды кылдат текшерүүнү милдеттендирди

КРнын Улуттук банк Башкармасы банктар тарабынан жүргүзүлгөн айрым операцияларга байланыштуу акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга багытталган (ККИК/ККЛК) чараларды күчөтүү жөнүндө токтом долбоорун кабыл алды.

Улуттук банк коммерциялык банктарга шектүү накталай акча чыгарууларды кылдат текшерүүнү милдеттендирди
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.

1-октябрда, Улуттук банк №2026-П-12/48-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы №2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом банктар тарабынан айрым операцияларды жүргүзүүдө ККИК/ККЛК тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды күчөтүү максатында иштелип чыккан. 

Токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

төмөнкү мазмундагы 39-5 пункттар менен толукталды: 

Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептери боюнча акча каражаттарын накталай алуу жана транзиттик операцияларды жүргүзүүдө банк тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуп, жогорку тобокелдик белгилерин эске алууга милдеттүү:  

  • кардардын банктык эсеби боюнча жүгүртүүлөрдүн олуттуу бөлүгү накталай алынат, мында акча каражаттарын накталай алуу боюнча операциялардын көлөмү жана мезгилдүүлүгү анын экономикалык ишинин мүнөзүнө, масштабына же түрүнө, ошондой эле банкка жеткиликтүү болгон кардар жөнүндө башка маалыматтарга ылайык келбейт;  
  • акча каражаттарын накталай алуу боюнча операциялар кардардын банктык эсебине акча каражаттары чегерилгенден кийин кыска мөөнөттүн ичинде, анын ичинде системалуу түрдө, айкын экономикалык мааниси жок болгондо же мындай операциялар кардардын экономикалык ишинин мүнөзүнө, масштабына же түрүнө туура келбегенде жүргүзүлөт;  
  • акча каражаттары бир же бир нече контрагенттен келип түшүп, андан кийин акча каражаттары айкын экономикалык мааниси жок болгон учурда же мындай операциялар кардардын финансылык-чарбалык ишинин мүнөзүнө жана масштабына ылайык келбеген учурда накталай алынат;  
  • акча каражаттарын накталай алуу боюнча операциялар айкын экономикалык мааниси жок болгон учурда үзгүлтүксүз түрдө анча чоң эмес суммаларда же өз ара байланышкан бир нече операцияларды жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат;  
  • кардардын банктык эсебине бир же бир нече жактан акча каражаттары келип түшүп, андан кийин алар кыска мөөнөттүн ичинде үчүнчү жактарга, анын ичинде чет мамлекеттерге, айкын экономикалык мааниси жок болгон учурда же мындай операциялар кардардын финансылык-чарбалык ишинин мүнөзүнө жана масштабына ылайык келбеген учурда которулат (транзиттик операциялар);  
  • юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн же жеке ишкер мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн же банктык эсеп ачылган күндөн тартып кыска мөөнөт өткөнүнө карабастан, банктык эсеп боюнча кардардын финансылык-чарбалык ишинин узактыгына, мүнөзүнө жана масштабына ылайык келбеген олуттуу көлөмдөгү операциялар жүргүзүлөт;  
  • чет мамлекеттерден накталай алуу үчүн келип түшкөн акча каражаттарынын көлөмү жана мезгилдүүлүгү кардардын билдирилген ишине жана финансылык-чарбалык ишинин масштабына же анын чет өлкөлүк жөнөтүүчү менен болгон өз ара мамилелеринин мүнөзүнө ылайык келбейт;  
  • кардардын банктык эсебине олуттуу көлөмдөгү накталай акча каражаттары салынып, андан кийин алар кыска мөөнөттүн ичинде үчүнчү жактарга, анын ичинде чет мамлекеттерге которулат, эгерде мындай операциялардын ачык экономикалык мааниси жок болсо же кардардын финансылык-чарбалык ишинин мүнөзүнө жана масштабына туура келбесе (транзиттик операциялар);  
  • корпоративдик банктык карталар системалуу түрдө кардардын финансылык-чарбалык ишинин мүнөзүнө, масштабына жана максаттарына шайкеш келбеген накталай акча каражаттарын алуу үчүн пайдаланылат. 
  • жогорку тобокелдиктин белгилеринин сандык көрсөткүчтөрү, анын ичинде кардардын операцияларынын жалпы көлөмүндөгү акча каражаттарын накталай алуу боюнча операциялардын үлүшү, акча каражаттары келип түшкөн учурдан тартып аларды андан ары накталай алууга же транзиттик операция жүргүзүү мезгили, ошондой эле башка сандык көрсөткүчтөр банктын ички ченемдик документтеринде кардарлардын ишинин түрүн (мүнөзүн) жана масштабын, алардын тобокелдик профилин, ошондой эле банктын КИК/ККЛ тобокелдигин баалоо натыйжаларын, улуттук жана сектордук тобокелдиктерди баалоо натыйжаларын эске алуу менен аныкталат. 

төмөнкү мазмундагы 39-6 пункттар менен толукталды: 

Ушул Жобонун 39-5-пунктунда каралган жогорку тобокелдик белгилери бар факторлор аныкталган учурда, банк операцияны текшерүү боюнча төмөнкү кошумча чараларды көрүүгө милдеттүү, анын ичинде:  

  • кардардын акча каражаттарын жөнөтүүчү/алуучу менен болгон өз ара мамилелеринин мүнөзүн, төлөм багытын жана анын көлөмүнүн кардардын финансылык-чарбалык ишине шайкештигин талдоо;  
  • келип түшкөн акча каражаттарынын келип чыгуу булагын аныктоо, ошондой эле операциянын экономикалык негизин тастыктаган документтерди жана маалыматтарды алуу жана талдоо;  
  • акча каражаттарын накталай кайтарып берүү боюнча операцияны жүзөгө ашыруунун максатын жана анын кардардын финансы-чарбалык ишинин мүнөзүнө жана масштабына шайкештигин аныктоо;  
  • акча каражаттарынын буга чейинки жылышын, анын ичинде алардын банктык эсепке келип түшкөн учурунан тартып кардар накталай акча каражаттарын алуу үчүн кайрылганга чейинки мезгилди талдоо. 

Кардар талап кылынган документтерди берүүдөн баш тарткан учурда, белгиленген мөөнөттөрдө банк эсеп боюнча операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. 

Эгерде кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банкта операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу деген шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттө шектүү операцияны (келишимди) токтото туруу жана/же кардар менен ишкер мамилелерди токтото туруу же токтотуу. 

төмөнкү мазмундагы 39-7 пункттар менен толукталды: 

Банк 39-5-пунктта каралган жогорку тобокелдиктин белгилери аныкталган юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептери боюнча акча каражаттарын накталай алуу операцияларынын жана транзиттик операциялардын, ошондой эле аныкталган тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча колдонулган чаралардын натыйжаларынын эсебин жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш. 

Эсепке алуу кеминде акча каражаттарын накталай алуу операцияларынын жана транзиттик операциялардын саны жана көлөмү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

  • алар боюнча жогорку тобокелдик белгилери аныкталган операциялар;  
  • КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүргүзүлбөгөн операциялар;  
  • шектүү деп таанылган операциялар жана алар боюнча финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлгөн билдирүүлөр.  

Ушул пунктта каралган маалымат банк тарабынан акча каражаттарын накталай алуу операцияларына жана транзиттик операцияларга байланыштуу КИК/ККЛ тобокелдиктерин тескөө жана төмөндөтүү боюнча колдонулуп жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоо үчүн пайдаланылат жана Улуттук банктын суроо-талабы боюнча ага берилет.

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган. 

Эске салсак, Улуттук банктын аталган токтом долбоору 2026-жылдын сентябрь айынын башында коомдук талкууга сунушталган. Документ юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептеринен накталай акча алуу жана транзиттик операциялар менен байланышкан шектүү каржылык операциялардын жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоонун тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды күчөтүү максатында иштелип чыккан. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.