Япония делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыктары

2026-жылдын 28-февралынан 4-мартына чейин Кыргыз Республикасында Тотиги префектурасынын Кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Кацуми Анзай жетектеген Япония делегациясынын иш сапары болуп өттү.

Япония делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыктары
Фото: www

Иш сапардын максаты кредиттик кепилдик системаларынын иштеши жана чакан жана орто бизнести колдоо багытында кесиптик диалогду өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу болду. Иш-чараларга Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү да катышты.

Иш сапардын алкагында делегация «КФ» ААКсына барып, фонддун жетекчилиги жана адистери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. «КФ» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров фонддун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролу жана бизнес үчүн кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле «КФ» ААКсы тарабынан сунушталган кепилдик продуктылар ишкерлерди колдоонун маанилүү куралы экени, алар күрөө жетишсиз болгон шартта да бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кепилдик инструменттерин өнүктүрүү маселелерин талкуулап, кредиттик-кепилдик системаларынын иштеши боюнча тажрыйба алмашып, эки өлкөнүн финансылык институттарынын ортосунда мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Өзгөчө көңүл эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды «КФ» ААКсынын ишмердүүлүгүнө киргизүү жана Кыргыз Республикасында кепилдик аркылуу ишкердикти колдоо системасынын институционалдык потенциалын өнүктүрүүгө бурулду.

Иш сапардын кийинки бөлүгүндө япон делегациясы Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда чакан жана орто бизнести мамлекеттик колдоо саясаты, финансылык инструменттерди өнүктүрүү жана ишкерлердин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Япон тарап кредиттик кепилдик системасынын иштеши боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Японияда бул система дүйнөдөгү эң өнүккөн жана туруктуу системалардын бири болуп эсептелет. Өлкөдө 51 кредиттик кепилдик корпорациясы иш алып барат, ал эми кепилдик менен камсыз кылуу деңгээли кредиттин суммасынын 80 пайызына чейин жетет. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча болжол менен 1,49 миллион чакан жана орто бизнес субъекттери кепилдик колдоосун пайдаланышат, бул сектордогу ишканалардын 45 пайызына жакынын түзөт.

Иш сапардын жыйынтыгында тараптар кредиттик-кепилдик механизмдер чөйрөсүндө кызматташууну жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан аркы өнөктөштүктү бекемдөө жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо системасын өркүндөтүүгө жана чакан жана орто бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.