Мындай маалымат расмий статистикада айтылат.
Өсүүнүн негизги кыймылдаткычтары:
- соода: дүң жана чекене сооданын көлөмү 11,4%га, 185,8 млрд сомго чейин өстү;
- мейманкана жана ресторандар: 15,5%дан 23,7 млрд сомго чейин өсүү;
- жүк ташуу жана сактоо: 4,3%га көбөйүп, 54,2 млрд сомго;
- маалымат жана байланыш: кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 31,5 млрд сомго жетип, 7,2%га өстү.
Тармактагы өсүү эмгек акынын жана керектөө кредиттеринин өсүшү менен шартталган. Январдан апрелге чейин орточо эмгек акы 21,3%га, ал эми керектөө кредиттеринин көлөмү 1,2 эсеге өскөн.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын ИДПсындагы тейлөө тармагынын үлүшү 51,1%га жетип, экономиканын өсүшүнө кошкон салымы 3,83 пайыздык пунктту түздү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.