Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Акчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүз!

Социалдык тармактарда MBANKтын Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев катышкан видеолор көбөйүүдө. Ал ишенимдүү түрдө мындай дейт: «Биз инвестициялык платформаны ишке киргиздик. Эгер биринчи айда эле чоң кирешеге чыга албасаңыз, акчаңызды өз чөнтөгүмдөн кайтарып берүүгө даярмын...».

Акчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүз!

Баары ишенимдүү көрүнөт: экрандагы адамдын үнү жана келбети чыныгы адамдыкына окшош, артында болсо банктын тааныш логотиби турат. Мунун артында кандай алдамчылык жатат?

Чындыкты толугу менен бурмалоо! Алдамчылар сүрөттөрдү колдонуп, жасалма интеллекттин жардамы менен дипфейктерди жаратышат. Бул - чыныгы видеого абдан окшош жасалма видеолор. Аларды айырмалоо өтө кыйын.

Эмне үчүн адамдар ишенип калышат? Видеолордо элге таанымал адамдар, компаниянын логотиби жана мамлекеттик туу көрсөтүлүп, күн сайын оңой эле он миңдеген сом табууга убада берилет. Андан тышкары: «Бул сиздин жалгыз мүмкүнчүлүгүңүз, азыр эле жетишип калыңыз!» деген сөздөр менен шаштырышат.

Ишенимдүүлүк иллюзиясы. Улуу муундагы адамдар расмий адамдарга ишенүүгө көнгөндүктөн, мындай алдамчылыкка алданып калышы толук мүмкүн.

Алдамчылыкты кантип аныктоого болот? Эч бир банк же анын жетекчиси «банктын жеке каражаттарынан» компенсация төлөп берүүгө убада бербейт.

Өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү коргоонун 3 жөнөкөй кадамы:

  1. Токтоп, ойлонуңуз. Эгер видеодо «оңой акча табуу», чоң киреше же кепилденген пайда сунушталса, этият болуңуз. Бул алдамчылык болушу мүмкүн.
  2. Текшериңиз. Социалдык тармактардагы жарнамалык шилтемелерге дароо өтпөңүз. Жаңылыктарды жана акцияларды MBANKтын расмий колдонмосунан, сайтынан же расмий социалдык тармактардагы баракчаларынан гана текшериңиз.
  3. Жакындарыңызды эскертиңиз. Бул маалыматты ата-энеңизге, чоң ата-чоң энеңизге жөнөтүңүз. Жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган видеолор ушунчалык реалдуу көрүнүшү мүмкүн экенин, аларды чыныгы видеодон айырмалоо өтө кыйын экенин түшүндүрүңүз.

«Биз сиздердин коопсуздугуңуздарга жана каражаттарыңызды коргоого чын дилден кам көрөбүз», - деп билдирди MBANK.

Материал MBANKтын колдоосу менен даярдалды. 

КР Улуттук банкынын лицензиясы № 014.

Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.