Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү эч кандай социалдык мекемеде иштебей, керектүү документтерди чогултуп, акча алууга жардам берем деп жарандарды алдап жүргөн.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
ИИМ аталган аялдын аракетинен жапа чеккен жарандарды Баткен ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө: 102 же +996 36 225 07 15 телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөт.
«Социалдык контракт» программасы тууралуу
2022-жылдын февраль айында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Кадамжай районунда пилоттук социалдык контракт долбоорун ишке киргизген. Анда ар бир үй-бүлөгө 100 000 сомго чейин социалдык жардам көрсөтүлүп, алардын жеке бизнесин өнүктүрүүгө жардам берген. Долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан жана жакырчылыктан чыгууга көмөктөшүүгө багытталган.
Буга чейин экономика илимдеринин кандидаты, доцент, М.Рыскулбеков атындагы Экономика улуттук изилдөө университетинин финансы жана финансылык технологиялар кафедрасынын башчысы Гүлим Сансызбаева Banks.kg сайтына «Социалдык контракт» программасынын алкагында мамлекет кандай максаттарды көздөп жатканы тууралуу айтып берген.
Учурда аталган программанын алкагында жеке бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн социалдык жардамдын көлөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.