2025-жылдын 31-декабрында кабыл алынган КРнын мыйзамына ылайык, салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Эми Салык кызматы салык төлөөчүгө тиешелүү билдирүү тапшырылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде милдеттенмени ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин, таанылган салык карызын өндүрүү үчүн банкка салыктык төлөм талабы аркылуу кайрылууга укуктуу.
Буга чейин бул норма юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге гана тиешелүү болсо, эми ал жеке жактарга да колдонулат.
Ошондой эле аталган мыйзам менен Салык кодексине «электрондук төлөм системаларынын оператору» деген түшүнүк киргизилип, электрондук капчыктарга да салыктык төлөм талабын коюу мүмкүнчүлүгү каралган.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып, күчүнө кирген.
Аталган чаралар карыздарды өндүрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө жана алардын ачыктыгын жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле салык карызын өндүрүү тартибин Салык кодексиндеги көрсөтүлгөн өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү үчүн токтом долбоору даярдалып, коомчулукка сунушталды.
Салык кызматы эскерткендей, салык төлөөчү жоопкерчилик алган салыктык карыздар төмөнкүлөр болуп саналат:
- салык төлөөчү өзүнүн салык отчетунда көрсөткөн суммалар;
- салык органы тарабынан эсептелип чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө даттанылбаган суммалар;
- күчүнө кирген сот чечими менен тастыкталган суммалар;
- салык төлөөчү тарабынан арыз аркылуу түздөн-түз таанылган суммалар.
Башкача айтканда, бул салык төлөөчү тарабынан ырасталган же салык органы же сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим менен бекитилген карыз. Мындай карыз соттун чечими менен аныкталган болуп эсептелет.
Салык мыйзамдарына ылайык, салык органдары соттун чечими менен тастыкталган карызды банктар аркылуу өндүрүп алууга укуктуу. Бул учурда банк салык төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды алып, бюджетке которот.
Белгилей кетсек, салыктык төлөм талабы аркылуу өндүрүп алуу талашсыз жана расмий аныкталган карыздарга гана колдонулат.
Конституцияга ылайык, ар бир жаран салык төлөөгө милдеттүү, мындан улам карызды өндүрүү чаралары ушул милдетти аткарууну камсыз кылууга багытталганы кошумчаланды.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.