Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда жыл башында кандай адистер талап кылынууда: тизме

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек рыногундагы абал жана талап кылынган бош жумуш орундар тууралуу маалымат берди.

Кыргызстанда жыл башында кандай адистер талап кылынууда: тизме
Иллюстрациялык сүрөт

2025-жылдын башына карата калктын саны 7,4 млн адамды түздү. Эмгекке жөндөмдүү калктын саны - 2,86 млн адам болду, анын ичинен жумуш менен камсыз болгон калктын санын 2,76 млн адамды түзөт.

Жумушсуздардын саны - 104,7 миң адам, ал эми жалпы жумушсуздук деңгээли - 3,7%ды түздү. Жыл жыйынтыгы менен республика боюнча расмий жумушсуздук деңгээли 1,3% болду.

Бош орундар

I кварталда 8 087 бош орун катталган, анын ичинен учурда - 5 243 жумуш орду актуалдуу бойдон калууда.

Көп талап кылынган адистер:

  • мугалимдер - 323;
  • медицина кызматкерлери - 527;
  • тигүүчүлөр - 1 065;
  • айдоочулар - 427;
  • кызмат көрсөтүү тармагынын кызматкерлери - 1 000ден ашык.  

Ошондой эле программисттерге, бухгалтерлерге, соода агенттерине жана IT тармагындагы адистерге суроо-талап өсүүдө.

Иш менен камсыз кылуу жана колдоо

Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын алкагында 3 562 жумушсуз жаран жумушка орноштурулган. Каттоодо турган жумушсуздардын саны 57 700 адамды түздү, расмий жумушсуз макамына ээ жарандардын саны - 38 270 .

Министрлик тарабынан иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү кызматтары жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөт. Алар:

  • жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкаттарды берүү;
  • кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификацияны жогорулатууга жөнөтүү;
  • жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө;
  • убактылуу жумуш менен камсыз кылуу;
  • соцконтракт аркылуу колдоо жана стажировкалар.  

Жалпысынан кызматтарга 39,4 миңге жакын адам кайрылган, 2 миңден ашууну окууга жөнөтүлгөн.

Каякта эң көп төлөйт: 

2026-жылдын январь айындагы маалыматына ылайык, тармактар боюнча орточо айлык эмгек акы төмөнкүдөй: 

  • кен казуу өнөр жайы — 86 971 сом;
  • финансы сектору — 83 277 сом; 
  • маалымат жана байланыш — 80 277 сом; 
  • өнөр жай — 68 101 сом; 
  • эң аз төлөнүүчү тармактар — билим берүү (27,3 миң сом) жана маданият.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.