Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын жана BAKAI төлөм экосистемасын бириктирип, санарип активдерди өлкө боюнча күнүмдүк төлөмдөрдө колдонууга шарт түзөт.
Бул интеграция өлкөдө криптотөлөмдөр рыногун жана санарип каржылык кызматтарды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды. Өнөктөштүктүн аркасында колдонуучулар Binance тиркемеси аркылуу криптовалюта менен түздөн-түз төлөм жүргүзө алышат. Төлөм QR BAKAI жана ELQR аркылуу ишке ашырылат.
Төлөм жүргүзүү механизми өтө жөнөкөй жана кадимки мобилдик төлөмдөргө окшош: колдонуучу Binance тиркемесин ачып, Binance Pay бөлүмүнө өтөт жана QR-кодду сканерлөө функциясын тандайт. Кассадан ELQR же QR BAKAI кодун сканерлегенден кийин колдонуучу сатып алуунун суммасын киргизип, төлөмдү тастыктайт.
Транзакция дароо жүргүзүлөт, андан кийин төлөм тастыкталып, колдонуучуга чек чыгарылат. Бул процесс үчүн кошумча сервистерди колдонуу же татаал конвертация процедуралары талап кылынбайт. Ошондуктан санарип активдер күнүмдүк төлөмдөр үчүн ыңгайлуу куралга айланат.
Бул долбоор бизнес үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. BAKAI тармагынын жардамы менен криптотөлөмдөрдү өлкө боюнча миңдеген соода түйүндөрү кабыл ала алат. Бул ишкерлерге кардарлар үчүн төлөм ыкмаларын кеңейтүүгө жана дүйнөлүк криптоэкономикага кошулууга мүмкүнчүлүк берет.
Интеграцияны ишке киргизүүнүн биринчи этабында транзакцияларды жүргүзүүгө белгилүү чектөөлөр каралган. Бизнесте товар же кызмат көрсөтүүгө төлөм жүргүзгөн колдонуучулар үчүн бир транзакциянын максималдуу суммасы 200 000 сомду түзөт. Ошол эле сумма ай ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жалпы көлөмүнө да чек катары белгиленген.
Колдонуучулардын ортосундагы акча которуулар үчүн лимит бир транзакцияга 95 000 сомду түзөт, ошондой эле бир ай ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жалпы суммасы да 95 000 сомдон ашпоого тийиш. Мындай параметрлер кызматтын баштапкы этабында криптотөлөмдөрдү коопсуз жана этап-этабы менен киргизүүнү камсыз кылуу үчүн киргизилди.
Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча регионалдык жетекчиси Кирилл Хомяков бул боюнча мындай деди:
«Криптовалюталарды практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү компания үчүн негизги багыттардын бири бойдон калууда. Кыргызстан санариптик каржылык технологияларга жана инновацияларга жогорку кызыгуу көрсөтүп жатат. Binance Pay менен BAKAI интеграциясынын ишке кириши - криптовалютаны күнүмдүк төлөмдөр үчүн ыңгайлуу куралга айландыруу жолундагы маанилүү кадам. Биз жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташып, колдонуучуларга коопсуз жана заманбап каржылык чечимдерди сунуштоо аркылуу өлкөнүн санариптик экономикасынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп жатканыбызга кубанычтабыз».
Бул кызматташтык өлкөдө санариптик активдер индустриясын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иштердин жана бул багыттагы мамлекеттик демилгелер менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында мүмкүн болду.
2025-жылдын май айында Binance Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен өз ара келишүү жөнүндө меморандумга кол койгон. Бул документ тараптардын виртуалдык активдер секторун биргелешип өнүктүрүү жана заманбап санариптик экономиканын калыптанышына колдоо көрсөтүү ниетин бекемдейт.
Мындай долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын колдоосу менен жүргүзүлөт. Бул орган тармактын өнүгүшүн координациялап, инновациялык каржылык технологияларды киргизүү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт.
Binance
Binance - криптовалюта инфраструктурасын камсыздаган дүйнөдөгү алдыңкы платформалардын бири. Ал санариптик активдер менен соода жүргүзүү көлөмү боюнча эң ири биржалардын катарына кирген ар кыл каржылык продукттарды сунуштайт.
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар ишеним арткан Binance платформасы колдонуучулар үчүн акчанын эркиндигин кеңейтүүгө багытталган. Платформа криптовалюта продукттарынын кеңири топтомун сунуштайт. Алардын ичинде соода жана каржы кызматтары, билим берүү, маалымат жана изилдөө, кайрымдуулук, инвестиция жана стартаптарды өнүктүрүү, децентрализация жана башка багыттар бар.
BAKAI
BAKAI - Кыргызстандагы эң ири жана технологиялык банктардын бири. 25 жылдан ашык убакыттан бери биз адамдарга, бизнеске жана бүтүндөй тармактарга алдыга жылууга жардам берген каржылык чечимдерди түзүп келебиз.
«Binance менен кызматташуу - Кыргызстанда санариптик каржылык чечимдерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Binance Pay тутумунун BAKAI экосистемасы менен интеграцияланышы өлкөдө криптовалюта менен төлөмдөрдү ыңгайлуу жана коопсуз жүргүзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз. Бул долбоор биздин баалуулуктарыбызга толук шайкеш келет, анткени биз ар дайым кардарларыбызга эң заманбап технологияларды сунуштап, алардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга умтулабыз. Кыргызстанда санариптик экономика менен криптовалюта технологияларын өнүктүрүүдө BAKAIдын лидерлигин улантып жатканыбыз биз үчүн чоң сыймык», - BAKAI Башкармалыгынын төрагасы Тимур Ибрагимовдун пикири.
Бүгүнкү күндө бизге 1 миллиондон ашуун кардар ишеним артып келет. Бул ишеним биздин туруктуулуктун, кызмат сапатынын жана командабыздын күчүнүн башкы көрсөткүчү.
Бүгүн BAKAI - бул жөн гана банк эмес.
Бул - каржы, сервистер, технологиялар жана күнүмдүк чечимдер бириккен санариптик экосистема.
Экосистема кардарларга маселелерин тез, ыңгайлуу жана көнүмүш форматта чечүүгө жардам берген каржылык жана күнүмдүк кызматтарды бириктирет.
Керектүүнүн баары бир жерде:
- BAKAI - каржыны башкаруунун борбору.
- BAKAI Insurance - ден соолукту, мүлктү жана бизнести коргоо.
- BAKAI Store - кеңири ассортимент жана ыңгайлуу бөлүп төлөө менен маркетплейс.
- BAKAI Travel - авиабилеттерди жана саякаттарды онлайн сатып алуу сервиси.
- BAKAI Business - ишкерлер үчүн санариптик инфраструктура.
- BAKAI Islam - ислам каржылык принциптерге ылайык продукттар.
Экосистема жыл сайын өнүгүп, барган сайын көбүрөөк сервистерди, технологияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип келет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.