Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Аталган программанын катышуучуларынын бири Бишкектин тургуну болду. Ата-энесинин көзү өткөндөн кийин ал карындаштары менен жалгыз калган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Аида Исатбек кызы алардын жашоо-шарты менен таанышты. Белгиленгендей, мамлекеттик колдоонун арты менен алар үйүн оңдоп-түзөп, күнүмдүк жашоолорун жакшыртууга шарт түзүлгөн.
Министрдин орун басарынын айтымында, аталган программа жетим балдарга билим алууга, жашоо шартын жакшыртууга жана келечекке ишенимдүү максаттарды коюуга жардам берет.
«Келечекке салым» мамлекеттик депозити 2024-жылдын апрель айында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Программага ылайык, мамлекет 18 жашка чыккан ар бир жетим бала үчүн депозиттик эсепке 500 миң сомдон которот.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-майына карата депозиттер өлкө боюнча 3524 балага ачылган. 80ге жакын катышуучу каражатты билим берүүгө, дарыланууга же турак жай шарттарын жакшыртууга жумшашкан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.