Кыргызча жаңылыктар
Новости
12 айга акчаны каякка салуу керек: Кыргызстандын топ-8 аманаты
Мөөнөтү 12 ай же узак мөөнөттүү депозиттер эң жогорку пайыздык ченди сунуштайт жана аманаттардын туруктуу өсүшүн камсыз кылат. Banks.kg Кыргызстандын банктарынын 2025-жылдын күз айларына карата эң жагымдуу сунуштарын чогултту.
08:18, 30.10.2025Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта насыяларга өзүнө-өзү тыюу салуу ишке киргизилет
КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн жаңы маанилүү механизмди киргизди. 1-ноябрдан баштап жеке тараптар өз алдынча жана акысыз түрдө кредиттик келишимдерди түзүүгө убактылуу тыюу салып же ал тыюуну алып салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
03:33, 30.10.2025Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт
Кыргызстанда 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде белгилүү болду.
03:07, 30.10.2025BAKAI Камсыздандыруу — Kyrgyz Trans Logistic 2025 көргөзмөсүнүн өнөктөшү: сиздин бизнесиңиз үчүн ишенимдүү камсыздоо
28–30-октябрь күндөрү Бишкекте BAKAI Камсыздандыруу компаниясы расмий өнөктөштүк кылып жаткан логистика, транспорт жана камсыздандыруу боюнча эл аралык Kyrgyz Trans Logistic 2025 көргөзмөсү өтүүдө.
12:22, 29.10.2025Жаңы жана пайдаланылган унаалар үчүн эң мыкты топ-10 унаа насыясы
Кыргызстанда банктар жана финансы мекемелери ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларды жана электромобилдерди сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыялардын кеңири спектрин сунуштайт.
11:27, 29.10.2025Кыргызстандагы пенсионерлер үчүн топ-8 депозиттер: мыкты пайыздар жана шарттар
Октябрь айында кыргызстандык пенсионерлер үчүн үстөк пайызы жогору жана ийкемдүү шарттар менен жеңилдетилген депозиттерге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биздин серепте жылдык 13%дан 17%га чейинки эң мыкты сегиз сунуш берилет.
08:42, 29.10.2025Кыргызстандын ак ниет ишкерлер реестрине он компания кирди
КР Соода-өнөр жай палатасы ак ниет ишкерлердин реестринин түзүлгөндүгүн жарыялады, ага тандоо 2025-жылдын 29-сентябрында болгон.
07:53, 29.10.2025Токмокто элдик дарыгер делген аял жабырлануучулардын атына насыя алып алган
Чүй облустук милиция кызматкерлери өзүн элдик дарыгер катары тааныткан, жарандарды ири суммадагы акчага алдаган аялды кармашты.
05:39, 29.10.2025BAKAI менен бирге Катарда өтө турган UFC Fight Night турнирине жолдомо утуп алыңыз!
BAKAI жылдын эң көп күтүлгөн спорттук окуяларынын бири - UFC Fight Night Doha 2025 турнирин утурлай кеңири акцияны жарыялады. Бул мелдеш 2025-жылдын 22-ноябрында Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өтөт.
14:25, 28.10.2025Окууга жана билим берүүгө топ-5 кредит – студенттер жана алардын ата-энелери үчүн
Сапаттуу билим алуу — келечекке салынган үмүттүү инвестициянын бири болуп саналат. Кыргызстандын микрофинансылык уюмдары жогорку окуу жайларга, колледждерге жана жеке мектептерге каражат төлөө үчүн студенттер жана алардын ата-энелери үчүн атайын насыялык өндүрүмдөрдү сунушташат.
08:41, 28.10.2025Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты
Кечээ, 27-октябрда Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 75 базистик пунктка, 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим 28-октябрынан тартып күчүнө кирди.
07:56, 28.10.2025Балдардын чөнтөк акчасы: оюн, тартип жана финансылык сабаттуулук
Балаңыздын акчаны туура башкаруусун каалайсызбы? Анда бала кезинен үйрөтө баштаңыз: чөнтөк акчалар талаш-тартыштын булагы эмес, финансылык сабаттуулук боюнча чоң сабак болушу мүмкүн.
07:06, 28.10.2025Балдар үчүн топ-10 аманат: Кыргызстандын банктарынын сунуштары
Кыргызстанда балдар үчүн аманат ачуу ата-энелердин келечекке болгон каржылык пайдубалын түзүүгө жардам болуп саналат. Биз балдардын максаттарына жана кыялдарына жетүү үчүн пайдалуу топ-10 депозитти чогулттук.
05:45, 28.10.2025Пайыз түшүп турган банк карталары: Алар кайсы банктарда жеткиликтүү?
Banks.kg Кыргызстандагы киреше алып келүүчү банк карталарына сереп салды — пайыздар эсептин балансына кошулуп, төлөмдөрдү пассивдүү киреше менен айкалыштырат.
04:04, 28.10.2025Төмөн пайыздык чен менен топ-10 керектөө кредиттери
Минималдуу жылдык пайыздык ченге негизделген керектөө кредиттердин рейтинги оңдоо иштерине, техника сатып алууга же башка үй-бүлөлүк муктаждыктарды чечүүгө эң пайдалуу сунуштарды табууга жардам берет.
11:12, 27.10.2025Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө кошулуңуз! Бул коомдун каржылык жыргалчылыгына кошкон салым!
Бүгүн, 27-октябрда Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө карата жумалык башталды. Салтка айлангандай, анда банктар жана башка уюмдар маалыматтык-билим берүү өнөктүгүн өткөрүп, 31-октябрда каржы жарманкеси менен жыйынтыктмакчы.
09:42, 27.10.2025Кепилдик фондунун төрагасы Чех Республикасынын Кыргызстандагы Ардактуу консулу менен жолукту
«Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Чех Республикасынын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Марат Жаанбаев менен жолугушуу өткөрдү.
09:30, 27.10.2025Кыргызстандагы алдыңкы ондуктагы эң жогорку пайыздык чен менен депозиттер
Сизде пассивдүү киреше алуу үчүн инвестициялоону каалаган бош каражатыңыз барбы? Banks.kg жылдык кирешеси 15-17%ды түзгөн мыкты депозиттердин тизмесин түздү.
08:46, 27.10.2025Депозиттерди коргоо агенттиги жана Capital Bank пенсионерлер менен жолугушуу өткөрдү
24-октябрда КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан Бишкек шаарынын улгайган жарандары үчүн Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны Banks.kg порталынын колдоосу менен Capital Bank жана Агенттик уюштурган.
03:27, 27.10.202540тан ашык ишкерлер 125 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алышты
Кыргызстанда чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү ишке ашырылууда.
08:34, 24.10.2025Финкөзөмөл компаниялар кантип криптовалютаны эсепке алуу керектигин түшүндүрдү
Кыргызстанда виртуалдык (крипто) активдер менен операцияларды бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча маалымат берилди.
06:04, 24.10.2025Чет өлкөлүк интернет-платформа Кыргызстандын бюджетине дээрлик 3 млн доллар төктү
Башкы прокуратура «Т.» эл аралык сатып алууларды жүргүзүү интернет-платформасы өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн коммерциялык иш жүргүзгөндүгүн аныктады.
03:48, 24.10.2025BAKAI саякаттоо үчүн жаңы сервисти ишке киргизүүдө - BAKAI Travel 10% кешбэк менен: саякат үчүн керектүүнүн баары - бир жерде!
BAKAI BAKAI Travel жаңы сервисин тааныштырды. Ал авиабилеттер, концерттик жана автордук турлар, ошондой эле Кыргызстандын ичиндеги жана жакынкы чет мамлекеттерге экскурсиялар камтылган универсалдуу платформа.
12:12, 23.10.2025Финкөзөмөл ломбард иштеткендерге кыймылсыз мүлктү күрөөгө алууга тыюу салынганы эскертти
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ломбард ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
10:39, 23.10.2025Дүйнөдө криптовалюта ээлеринин саны 700 млн адамдан ашты
Дүйнө жүзү боюнча криптовалюта ээлеринин жалпы саны 700 миллион адамдан ашты, ал эми активдүү колдонуучулардын саны 40–70 миллионго жетти.
07:04, 23.10.2025Жыл башынан бери Кыргызстанда курулушка болгон инвестиция 19%га өстү
Курулуш тармагы дале Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн кыймылдаткычы бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, инвестиция негизинен ички тармакта, ал эми тышкы каржылоо азайган.
04:15, 23.10.2025Айып пул төлөбөгөндөргө бир катар чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда
Кыргызстанда КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынган айып пулдарды милдеттүү түрдө төлөө боюнча талаптар күчөтүлүүдө.
09:41, 22.10.2025Улуттук банктын резерви көбөйүп, кирешеси 13 эсеге өстү
КРнын Улуттук банкынын кирешеси 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен эң чоң өсүшкө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 13 эсе көп болду.
05:33, 22.10.2025Кыргызстандын сырткы соодасынын көлөмү дээрлик 10 пайызга кыскарды
2025-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,1%га төмөндөп, 9,8 млрд АКШ долларын түздү.
04:40, 22.10.2025Насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюуну белгилөө жана алып салуу тартиби жакынкы арада бекитилет
Бул тартипти белгилөөгө багытталган токтом долбоору КРнын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан. Өзүнө-өзү тыюу салынган учурда насыя алуу мүмкүнбү жана бул механизм кандай иштейт, Улуттук банктан Banks.kg порталына түшүндүрмө беришти.
09:49, 21.10.2025