Кыргызча жаңылыктар
Новости
Алдамчылар шаар тургунун бардык каражатын «коопсуз эсепке» которууга көндүрүшкөн
Бишкек шаарында милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты.
03:41, 24.06.2026SECO жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги финансылык туруктуулук жаатындагы өнөктөштүктү чыңдоодо
Кыргызстанда Swiss State Secretariat for Economic Affairs (Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы) жана World Bank Group каржылык, институционалдык жана техникалык жардам көрсөтүүчү негизги эл аралык өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.
09:35, 23.06.2026
Бүгүнкү күнгө чейин ишин улантып келе жаткан дүйнөдөгү эң эски 10 банк
Бул банктар согуштарды, кризистерди жана доорлордун алмашуусун баштан кечиргенине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Алардын тарыхы дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттердин тарыхынан да узун.
06:06, 23.06.2026Такси айдоочуларына лицензия берүү ишине банктар да кошулду
Мындан ары такси айдоочулары лицензияны банк тиркемелеринен кезексиз жана убарасыз алууга болот. 1-июлдан тарта лицензиясы жок иштеген айдоочуларга айып пул салына баштайт.
03:40, 23.06.2026Кыргызстан жүздөгөн миллион доллар экспорттук кирешесин жоготту
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2026-жылдын январь-апрель айларында 4,8 миллиард долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га аз.
09:50, 22.06.2026Салыктык эсептен чыгарууларды 10 эсеге көбөйтсө, үй-бүлөлөр үчүн эмне өзгөрөт
Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев жана депутат Мирлан Жеенчороев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.
07:45, 22.06.2026Кыргызстандан башка өлкөлөрдүн жарандарын алдашкан: УКМКнын кезектеги операциясы
Кыргызстанда башка мамлекеттин жарандарын алдап жүргөн алдамчылар тобу иш алып барган: УКМК технологияларды жана төлөм системаларын колдонгон трансулуттук схеманын чоо-жайын ачыктады. Тергөө жана алынган материалдар тууралуу эмнелер белгилүү?
09:35, 19.06.2026Биз Кыргызстанда эң кымбат жана эң арзан кредит каякта экенин талдап чыктык
Кыргызстандагы банктар менен микрокаржылык уюмдардын ортосундагы кредиттин нарк айырмачылыгы олуттуу бойдон калууда: насыя алуу кээ бир секторлор үчүн арзаныраак, ал эми башкалары үчүн – бир топ кымбат. Кайсы тармактар төмөн чендерден пайда көрүшөт жана карыз алуучулар кайсы жерде эң чоң чыгымдарга туш болушат?
06:14, 19.06.2026Коомдук тамактануу тармагын фискалдоо салыктык түшүүлөрдү 60%га көбөйттү
Коомдук тамактануу тармагына маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү салыктык түшүүлөрдү 60%га көбөйттү.
09:09, 18.06.20267,8 миллион сом уурдалган: дропперликке шектүүлөр кармалды
Ички иштер органдарына Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу байланышып, аны тыюу салынган уюмдарды каржылоого тиешеси бар деген жалган маалыматтарды айтып, психологиялык басым көрсөтүү жолу менен 7 миллион 800 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.
07:33, 18.06.2026Эмнеге креативдүү индустриянын өкүлдөрү салыктан бошотулду?
Креативдүү индустрияга болгон салыктык жеңилдиктер, өзгөчө блогерлерди беш жылга салыктан бошотуу коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. Ал эми бийлик муну менен таланттуу жаштарды Кыргызстанда кармап калууну көздөгөнүн түшүндүрүүдө.
06:07, 18.06.2026«Бала ырысы» жөлөк пулун кантип алуу керек: жол-жобо
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу тартибин түшүндүрдү.
03:40, 18.06.2026Уурулуктан коргонуу: iPhone ээлери сөзсүз күйгүзүшү керек болгон эки коопсуздук функциясы
Смартфон бүгүнкү күндө жөн гана байланыш каражаты эмес. Анда сырсөздөр, банктык тиркемелер, эки факторлуу аутентификация коддору, электрондук почтага жана санариптик активдерге кирүү мүмкүнчүлүктөрү сакталат. Аны жоготуу же уурдатуу каржылык чыгымдарга, маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүнө алып келиши мүмкүн.
11:03, 17.06.2026ВАУАнын Башчысы жана ROX Group компаниясынын негиздөөчүсү кызматташтыктын келечегин талкуулашты
2026-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) Башчысы Фархат Иминов Вьетнамдын ири ROX Group компаниясынын негиздөөчүсү Чан Ань Туан менен жолугушту.
09:42, 17.06.2026Токтогул районунда опузалап акча талап кылууга шектелгендер кармалды
Ички иштер органдарына белгисиз жарандар тарабынан коркутуу жолу менен 500 миң сом акча талап кылынгандыгы тууралуу арыз түшкөн.
08:23, 17.06.2026Кыргызстанда кайсы аймактар көбүрөөк инвестиция тартты: статистика
2025-жылдын акырына карата Кыргызстандын тике чет элдик инвестициялардын агымы 1 млрд 310,8 млн долларды түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,3%га өскөн.
06:45, 17.06.2026Кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун каякка жумшашты
Социалдык фонд 2026-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгын чыгарды.
05:01, 17.06.2026Кыргызстан Монголиянын Борбордук банкына алтын иштеп чыкты
Тарыхта биринчи жолу «Кыргызалтын» ААК Монголиянын Борбордук банкы тарабынан жөнөтүлгөн Доре куймасы түрүндөгү алтын камтыган чийки затты аффинаж заводу филиалында кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды.
09:22, 16.06.2026Улуттук банк тигүү тармагын кайра каржылоонун жеңилдетилген шарттарын бекитти
Тигүү тармагын колдоо максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2026-жылдын 10-июнунда «Тигүү тармагынын ишкердик субъекттерине берилген кредиттерди кайра каржылоо маселелери жөнүндө» токтому кабыл алынды.
07:30, 16.06.2026Депутат: Исламдык камсыздандыруу ОСАГОго альтернатива боло алат
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу системасында исламдык камсыздандырууну (такафул) колдонууну мыйзамдаштырууну сунуштады.
07:00, 16.06.2026Жогорку Кеңештин комитети эмгек акыны индексациялоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду
Эмгек акыны индексациялоо инфляциялык процесстердин шартында, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөө бааларынын өсүү шартында кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу мазмунунун деңгээлин жогорулатууну камсыз кылуу боюнча кепилдиктерди күчөтөт.
05:45, 16.06.2026Кыргызстандын ИДПсы 781 миллиард сомдон ашты
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ички дүң продуктусу 781,1 миллиард сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөнүн экономикасы 12,2%га өскөн.
10:48, 15.06.2026Улуттук банк акча которуулар рыногунда тобокелдиктердин алдын алууга басым жасоодо
КРнын Улуттук банкы үч багытты бөлүп көрсөтүү менен акча которуу системаларын иштетүү эрежелерин жаңылоону сунуштады: отчеттуулукту тартипке келтирүү, жаңы кызматтарды ишке киргизүү жөнүндө алдын ала кабарлоо механизмин киргизүү жана акча которуу системасынын операторлорун каттоодон чыгаруу үчүн негиздерди кеңейтүү.
09:04, 15.06.2026Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 50 миң сомго жакындады
2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 49,7 миң сомду түздү.
08:19, 15.06.2026Кыргызстанда инфляция 5 пайызга жакындады
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтери өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 4,8%га жогорулады.
07:26, 15.06.2026Улуттук банк насыялык таржымалды сактоо мөөнөтүн олуттуу кыскартууну сунуштады
Кыргызстандын Улуттук банкы карыз алуучулар тууралуу маалыматты сактоо мөөнөтүн кыскартууну көздөөдө. Сунушталган токтом долбоорго ылайык, негативдүү насыялык таржымалды сактоо 5 жылдан 2 жылга, ал эми позитивдүү кредиттик маалыматты сактоо 7 жылдан 5 жылга кыскартылат.
05:45, 15.06.2026Кепилдик фонду 59 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоонун алкагында жашыл кепилдиктер механизмин ишке киргизет
Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагындагы «Жашыл кепилдиктер» компонентин каржылоонун көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Тиешелүү Субсидиардык келишимге 2026-жылдын 11-июнунда «КФ» ААКсы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда кол коюлду.
04:54, 15.06.2026Салыктык реформа: кимдер 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат?
Кыргызстанда бийлик бизнес үчүн чоң өзгөрүүлөрдү даярдап жатат. Алдыдагы беш жылда кимдер жеңилдик менен азыраак салык төлөй алат, ал эми кимдер үчүн кошумча жүк көбөйөт?
08:34, 12.06.2026Илон Маск дүйнөдөгү алгачкы триллионер аталды
Илон Маск дүйнөдө жеке байлыгы бир триллион доллардан ашкан алгачкы адам болду. Анын капиталынын кескин өсүшүнө SpaceX компаниясынын рекорддук көлөмдөгү акцияларды жайгаштыруусу себеп болгон.
06:28, 12.06.2026Кайрымдуулук көзөмөлдө: жеке картага акча чогултууга тыюу салууну көздөшүүдө
Кайрымдуулук максатта каражат чогултуу эрежесин катаалдатуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду, анда муктаждарга жардам көрсөтөм деп алдамчылык менен алектенгендерге болгон жоопкерчилик күчөтүлмөкчү.
05:01, 12.06.2026